7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Каракол шаарында «Асыл мурас» бала бакчасы ачылды

267

Бүгүн Ысык-Көл  облусунун Каракол шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн  “Асыл мурас”  балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев, Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов,  УКМК ардагерлери жана  өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Аталган бала бакчанын курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнунда башталган. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси  үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.

268