7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Казакстандын ири ишкерин издөөгө алды

294

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ерканат Жумабеков Асанбектин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенген. Опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында ал менен менен тыгыз байланышын түзгөн.

Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында бир катар жолугушууларды өткөргөн. Асанбектин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда каржылык жардам көрсөткөн.

Жумабековго карата Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.

295