7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Контрабандалык тамекилердин партиясы кармалды

578

УКМК тарабынан контрабандалык тамеки буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында жеке адамдардын контрабандалык иш-аракеттери аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин (Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыштын негизинде, УКМК кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен өлкө аймагынын ички рыногуна сатуу үчүн ташылып келинген тамекилердин партиясы кармалды.
Белгилей кетсек, аталган адамдар Кыргызстандын рыногуна сатылып жаткан тамекилерди бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн, узак убакыт бою аткезчилик жол менен ташып келип жүргөнү аныкталган. Кармалган продукциянын суммасы 288 миң кутудан ашык тамекини түздү.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул мыйзамсыз ишке катышкан тараптарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579