7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кримавторитет Женгонун мүлктөрүн жарыялады (сүрөт)

254

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында, «Дженго» каймана аты менен белгилүү кармалган криминалдык авторитет К. Досоновго карата, кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган (ар кандай класстагы 19 авто унаа) жана кыймылсыз мүлктөрүнөн (15 турак жай жана 35 жер тилкелери) сыяктуу көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, курулуш компанияларда К.Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар экендиги белгиилүү болгон.

Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

255