7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Куралдардын жана ок-дарылар сакталган жашыруун жер табылды

333

Кыргыз Республикасынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМ менен биргеликте Чүй облусунун аймагынан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Табылган жашыруун жерден 2 кесилген мылтык, 160 ашуун ар кандай калибрдеги гильзалар, колго жасалган бычактар, беткаптар жана кол каптар табылып алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар бир катар каракчылык фактыларына катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда.


Учурда УКМК ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

334