7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Кылмыш иштерин комиссия эмес, сот жана прокуратура гана текшере алат

9

Акыркы учурда маалымат каражаттарындагы кызыкдар тараптар акыркы беш жылда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергелген бардык кылмыш иштерин карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштап жатышат. Буга байланыштуу атайын кызмат мыйзамда белгиленген тартип бар экенин билдирүү зарыл деп эсептейт.

Тактап айтканда, Конституцияга ылайык, мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө принцибине негизделет.

Жазык-процессуалдык мыйзамдардын нормаларына ылайык, тиешелүү түзүмдөрдүн (УКМК, ИИМ жана башка) тергөө бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн иштердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлөт, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу укугу өзгөчө сот органдарына гана таандык.

Белгилей кетсек, Жазык-процессуалдык кодексинин 8-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жана башка чечимдери Жазык-процессуалдык кодексинде каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилип жана кайра каралышы мүмкүн, ал эми тергөөчүнүн процессуалдык чечимдери көзөмөл органы тарабынан изилденип, жокко чыгарылышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу кылмыш иштерин кайра кароо боюнча кандайдыр бир комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш конституциялык принциптерге каршы келет, анткени мыйзамдарда тергөө-сот ишине кийлигишүүгө так тыюу салынган.

Ошону менен бирге мамлекет башчысынын көрсөтмөсүнө ылайык, УКМКда анын ишинин дээрлик бардык тармактарын жана ыкмаларын камтыган тиешелүү реформа жүргүзүлүүдө. Мындай кадам улуттук коопсуздук органдарын заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга ылайыкташтырууга, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин күчөтүүгө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүүгө, коррупцияны андан ары жоюуга, уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга, өлкөнүн маалыматтык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

УКМК өз ишмердүүлүгүн мыйзамдын чегинде Конституция менен кепилденген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо менен жүргүзөт.

10