7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ош жылуулук электр борборундагы коррупциялык схеманы аныктады

398

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош жылуулук электр борборундагы коррупциялык схеманы аныктады.

УКМК Ош шаарындагы ЖЭБге коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

Маалым болгондой, Ош шаарындагы жылуулук борбордун жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен жең ичинен келишип алып, жеке менчик мончолорго, спорт залдарга, медициналык клиникаларга жана көп кабаттуу турак үйлөргө, ири соода объектилерине жылуулук тутумун мыйзамсыз байланыштырган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражатты ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери кымырып алышкан.

Бул коррупциялык схемадан бюджетке ири көлөмдө зыян келтирилген. УКМК териштирүү ишин улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

399