7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ошто ишкерди коркутуп акча талап кылган эки шектүү кармалды

857

Ош шаарында өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып, ишкерди коркутуп акча талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

27-февраль күнү УКМК Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында, миң доллар пара алып жаткан жеринен КМШ өлкөлөрүнүн жараны 1970-жылы туулган А.А. жана 1986-жылы туулган Кыргыз жараны Б.М.ны кармады.

Кармалгандар өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырып, жеке ишкерден 28 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан. Алар коркутуу жолу менен ишкердин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аларга каттоону талап кылышкан.

Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

858