7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК угуусу начар балдардын атайын мектебине 1 млн сом каржылык колдоо көрсөттү

156

Бүгүн Жаңы жылды утурлай министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебине барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, алгач Камчыбек Ташиев мектептин жаңыдан оңдоп түзөөдөн өткөн актовый залы менен спорт залын карап чыгып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу, ошол эле учурда коопсуз шарттарды түзүү иштеринин маанисин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер жана бир миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Мектеп-интернаттын окуучулары өз кезегинде жаңы жылдык майрамдык программа тартуулашты.

Адистештирилген жатак-мектептин жетекчилиги Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын бүтүндөй кызматкерлерине көрсөткөн колдоосу, көңүл буруусу жана камкордугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

157