7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жалил Атамбаев кармалды

882

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Ж.Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, белгилүү Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы туралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган.

«Иште чогултулган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 3-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (мыйзамсыз баюу) боюнча Ж.Атамбаев кармалып жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

 

883