7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Жаш жоокерлер аскердик ант беришти (ФОТО)

961

Бүгүн, 29-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 64479-аскер бөлүгүндө күзгү чакырылыштагы жаштардын толуктоосунун Аскердик ант берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, 64479-аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, «Жоокерлердин энелери» комитетинин төрайымы Байгубатова Уулкан Жумашевна, УКМКнын ардагерлери, ошондой эле ата-энелер катышты.

Ачылыш аземинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаш жоокерлерге ак ниет кызматты, кынтыксыз тартипти жана бардык билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүн каалады. Ошондой эле, аскерге милдеттүүлөрдүн аскердик милдетин өтөп, аскердик билимди өздөштүрүүсүнө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

962