7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: ЖОЖдун мугалимдери чет элдик студенттерден пара алган схемасы аныкталды

2541

Ж.Баласагын атындагы КУУнын Ош филиалынан пара алуу схема аныкталды. Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», -деп жазылган.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жамаатынын мындай кадамы эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүрөт.

Эске салсак, Пакистен буга чейин Кыргызстандагы ЖОЖдорду кара тизмеги киргизип, кийинчерээк бийлик жетекчилеринин бир катар жолугушууларынан кийин тизмеден чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2542