7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын атын жамынып, 46 миң АКШ долларын өндүргөн 6 жаран кармалды

236

УКМКнын атын жамынып, 46 миң АКШ долларын өндүргөн 6 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ноябрь айында 1978-жылы туулган С.И.И. жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылып, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпысынан 46 миң АКШ долларын ээлеп алышканын маалымдайт.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка тиешеси бар алты адам аныкталып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

237