7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын дагы үч кызматкери кармалды

17

Акча опузалаган УКМКнын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул иштер кадрдык курамды тазалоонун алкагында жүргүзүлдү. Ага ылайык, УКМКнын кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын жана үчүнчү жактардын катышуусундагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөдө УКМКнын учурдагы кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталды. Мындан улам үч кызматкер тергөө абагына киргизилди. Ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүү иштерин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын үч кызматкери кармалып, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени такталды.

 

18