7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын жана Мамбайланыш агенттигинин кызматкерлери коррупция боюнча айыпталууда

981

Аскер прокуратурасы тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан дагы бир коррупциялык кылмыштын бети ачылып, иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө, “Скайнет Телеком” жеке компаниясына колдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мамлекеттик байланыш Агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен  “Скайнет Телеком” компаниясынын 2, мамлекеттик байланыш Агенттигинин 2 жана УКМКнын 1 жооптуу кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча жоопко тартылышып, иш соттун кароосуна жиберилди.

Ал эми, “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 мин 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

982