7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украинадан чыгып кеткендердин саны 3 миллион адамга жетти

530

Орусия менен Украинанын ортосунда куралдуу жаңжал башталгандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин Франциянын AFP маалымат агенттиги 15-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку башкармалыгына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, согуш болуп жаткан аймактардан качкан 3 миллиондон ашуун адамдын 1,4 миллиону жаш балдар. Башкармалыктын айтымында, согуштан качкан украин жарандары негизинен Польшанын, Румыниянын, Молдованын, Венгриянын, Словакиянын жана Орусиянын аймагына өткөн.

Эске салсак, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал 24-февралдын таңында тутанган. Тагыраагы, Орусиянын лидери Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ал мындай кадамдын максаты «акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо» экенин айткан. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп сыпаттаган. Андан бери жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531