7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Украинанын аймагында 100дөн ашуун Кыргызстандык калды

736

8-мартка карата Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинадан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жайгашып турган Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү максатында Бишкектен КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкеринен турган ыкчам топ Польшага чыкты.

Азыркы кезде аталган топ Варшавада иш алып барышууда. Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергилктүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле дипломаттар ошол тийиштүү документациялоого муктаж болгон жарандарыбызга мекенине кайтуу үчүн керектүү болгон документ тариздөө боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүшүүдө.

Кыргызстанга келген жарандар  – Венгриядан — 91 жаран.

Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар: 

  • Польша — 201 (польша тарабынын миграциялык кызматынын маалыматына ылайык. Элчиликтин көмөгү менен 150 КРнын жараны киргизилген);
  • Словакия -20;
  • Румыния- 19;
  • Түркия – 66
  • Молдова – 21
  • Чехия — 85
  • Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13
  • Коопсуз жерлерге (үчүнчү өлкөлөргө) жалпысынан 412 Кыргызстандын жараны чыгарылды.

«Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Венгриядагы, Германия Федеративдүү Республикасындагы, Түркия Республикасындагы, Беларусь Республикасындагы Элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румыниядагы жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу Мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын шаарларында 100дөн ашуун мекендешибиз калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен Элчилик жана КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти жана туруктуу байланышта.

Министрлик Элчилик менен биргеликте аларды коопсуз жактарга алып чыгуу боюнча мүмкүн болгон аракеттерди көрүүдө.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737