7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКТ мүчөлөрү жаранды сабап, опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды

860

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жаранды жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышкан. Физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жою боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861