7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Ниязбеков: «Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган жетекчилер иштебеши керек!»

565

Бүгүн, 26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Анда министр Нарындагы окуя боюнча дагы пикирин билдирди.

«Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү эле эмес, бүт Нарын облусунун милициясынын да жоопкерчилигин катуу карайбыз. Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан. Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан. Азыркы учурда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз. Кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирүү учурларын болтурбоо үчүн, жакынкы арада, ар бир ички иштер бөлүмдөрүн, башкармалыктарын деталдуу карап, кадрдык ротациялоо ишин жүргүзөбүз. Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек. Бир жыл бою айтып, көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт бердик, эми боло турган коллегияда ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүн, аларга жооп берген башкармалыктардын ишмердигине даректүү бааларды беребиз. Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн. Акыйкаттыктан эч ким качып кутулган эмес. Иши начар, уюштуруу деңгээли төмөн, жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандар, өз алдынча чечим чыгарып, коллегияга чейин рапортун жазып кете беришсе болот. Муну сунуш катары кабыл алыңыздар жана айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Ички иштер министрлигинин кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилерине чейин баарына тиешелүү деп билиңиздер. Себеби, милициянын башкы милдети – эл үчүн, элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү талыкпай кызмат кылуу болуп эсептелет. Кемчиликтерди көзгө көрсөтүп, талаптарды коюп, аларды чечүүгө убакыт бергенбиз. Эми мындан ары катуу чечимдерди кабыл алабыз. Бул кадамды — Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жалпы позициясы деп кабыл алсаңыздар болот”,- деп билдирди Улан Ниязбеков.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566