7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улан Ниязбеков: Майрамдарда коопсуздукту камсыздоо-ички иштер органдарынын милдети

9

Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун, министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын, ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилеринин, өлкөнүн бардык облустарынын жана шаарларынын ички иштер органдарынын башчыларынын катышуусунда онлайн кеңешме өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылды ийгиликтүү жыйынтыктоо, Жаңы 2026-жылды тосуу мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыздоо жана калкка сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү иштерин күчөтүү боюнча маселелер каралды.

Ички иштер министри өз сөзүндө 2025-жыл кыргыз милициясы үчүн олуттуу жетишкендиктер менен коштолгонун белгилеп өттү.

«Эң негизгиси – кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана заман талабына шайкеш шарттарды түзүүдө олуттуу жыйынтыктарга жетиштик. Ички иштер органдары кылмыштын кесепеттерин жоюудан анын алдын алууга жана эскертүүгө ырааттуу түрдө өтүүдө», – деди Улан Ниязбеков.

Алсак, санариптик технологиялардын кеңири колдонулушунун натыйжасында, видео-камералар аркылуу 6 миңге жакын кылмыш жана укук бузуу алдын алынган. Издөөдө жүргөн миңге жакын адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошондой эле, ИИМ башчысы Бүткүл Элдик курултайдын IV отурумуна токтолуп, анда Ички иштер министрлигине делегаттардан арыз-даттануулар, сунуш-пикирлер жана ыраазычылык каттары келип түшкөнүн билдирди.

«Бардык кайрылуулар менин жеке көзөмөлүмө алынды. Ар бир маселе жеринде, ыкчам жана мыйзам чегинде чечүү зарыл», – деп баса белгиледи министр.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков укук коргоо органдарынын жетекчилеринен жана өздүк курамынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүүнү, ар бир билдирүүгө принципиалдуу жана өз убагында чара көрүүнү, ошондой эле мындай фактыларды кароодо формалдуу мамилеге жол бербөөнү талап кылды.

Кеңешменин соңунда Жаңы жылдык майрам күндөрүнө карата коомдук тартипти бузган, резонанс жараткан кылмыштарга жол бербөө, оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктарынын алдын алуу, мас абалында унаа башкарууга, авто-бейбаштыкка каршы рейддерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Кеңешменин аягында Улан Ниязбеков өлкөнүн ар бир жаранынын тынч жана коопсуз эс алуусун камсыздоо негизги милдет экенин белгиледи.

 

10