7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

1056

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Араван районунун тургундарынын көйгөйлөрү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Улукбек Марипов пландан тышкары борбордук базардын жанына токтоп, продукциялардын баалары жана сунушталган ассортимент менен таанышкан.

«Азык-түлүк жана мунай зат бааларынын кымбатташы — бул дүйнөлүк тенденция. Баалар дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүндө өсүп жатат жана биздин өлко дагы мындан четте калган жок. Импортко көз каранды болбош үчүн эң көп талап кылынган тамак-аш азыктарын, атап айтканда өсүмдүк майын жана шекерди өзүбүз өндүрүшүбүз керек. Биздин максатыбыз — дыйкандарга келечекте өз продукциясы менен ички рынокту камсыз кылыш үчүн колдон келишинче колдоо көрсөтүү. Биз дыйкандарга бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Дизелдик отун маселеси чечилди, дыйкандар керектүү өлчөмдө камсыз болот», — деген Марипов.

Андан кийин жергиликтүү жашоочу өкмөт башчыга таштанды маселесин айтып, жергиликтүү бийлик буга көңүл бурбай жаткандыгын айткан. Улукбек Марипов бул көйгөйгө жеке өзү ынанып, иш-аракетсиздиги үчүн район  ган.

Мындан тышкары, өкмөт башчы ачуусу менен бир күндүн ичинде аймакты таштандыдан тазалоону тапшырган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1057