7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды

510

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэданыкабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

511