7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук адабият күнүнө карата Бишкекте Айтматовдун эстелигине гүл коюлду

641

Бүгүн, 12-декабрда, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ала-Тоо» аянтындагы эстелигине гүл коюлду.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.
Мындан сырктары Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Манасбек Мусаевдин “Айтматовдун дүйнөсү сүрөттөрдө” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Ошондой эле бүгүн кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрында КРнын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, сыйлык ээлерине «Алтын калем» сыйлыгы тапшырылат.

Андан соң, Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланат. Аталган спектаклди Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр, Назым Мендебаиров сахналаштырган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642