7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк 9 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

755

АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзам талаптарын бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

Маалыматка ылайык, “Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот. Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруучу жайлары 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштебей турат.

Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалдан улам Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өстү. Анын таасири Кыргызстанга да тийип, бир доллардын наркы 105 сомго дейре чыгып кетти.

Эскерте кетсек, Улуттук банк 11-мартта долларды Кыргызстандан сыртка алып чыгууга убактылуу тыюу салган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

756