7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк эсептик ченин жогорулатты

625

Улуттук банктын башкармалыгы 26-апрелде, эсептик ченди 5,5тен 6,5 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу башкы банкынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы инфляция импорт азыктары жана күйүүчү майдын баасы жогорулашынан улам келип чыккандыгы айтылат. Жылдык мааниде алганда, инфляция 2021-жылдын апрелинде мартка салыштырмалуу 10,2 көрсөткүчтөн азайып, 8,6 пайызды түзгөн.

«Кыргызстанда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү тенденциясы байкалды, ички суроо-талап начар бойдон калууда. Чыныгы эмгек акы 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3 пайызга төмөндөгөн. Өлкөгө сырттан акча которуулардын агымынын өсүшү ички керектөөнүн калыбына келишинин бир фактору болду. 2021-жылдын январь-февраль айларында сырттан келген акчанын көрсөткүчү 6,4 пайызга көбөйгөн», — деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин эсептик чен акыркы жолу 2015-жылдын март айында 1 же андан жогору пайызга көтөрүлгөн. Анда ал 8ден 10 пайызга чейин жогорулаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

626