7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаадан телефон жана акча уурдаган». Токмокто 20 жаштагы шектүү жигит кармалды

861

Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалганын Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 28-март күнү Токмок ШИИБине арыз менен 1985-жылы туулган К.С. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү белгисиз адам анын автоунаасынан уюлдук телефонун жана акча каражатын уурдап кеткендигин билдирген.

Жогорудагы факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде аталган кылмышка шектелип 2002-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Шектүүнүн дагы бир нече уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

862