7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды

1018

Жарандар үчүн автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) мурда маалымдалгандай, 2024-жылдын 1-январынан эмес, 2025-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин мартта кабыл алган токтомуна ылайык, Кыргызстанда катталган автоунаа ээлери ОСАГОну 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү түрдө өз каражатына сатып ала баштамак.

Мындай өзгөрүү камсыздандыруу рыногуна дагы сапаттуу даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.

1019