7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унааларды мыйзамсыз каттоо схемасын уюштурган 2 жаран кармалды

283

Транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоого алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМК кабарлады.

Кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.Т. акчалай сыйлык алуу үчүн президенттин Жарлыгын көз жаздымда калтырып Армения жана Абхазия республикаларынан тиешелүү документтери жок Кыргызстанга алынып келинген автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоого алууну сунушташкан.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеңил жана оор жүк ташуучу транспортторду документи жок каттатканы жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү үчүн Транспорт жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине пара катары накталай акчаларды которуп беришкен.

Аталган агенттиктин кызмат адамдарына 8800 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кылмыштуу схеманын уюштуруучулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

284