7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Уурулардын жалпы фондуна» опузалап акча талап кылган жаран кармалды (ВИДЕО)

139

Опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча изделип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Б.И.М. аттуу жарандан опузалап акча талап кылып, издөөдө жүргөн 1984-жылы 25-июнда туулган Ош облусунун тургуну Т.У.С. кармалды.

Белгилей кетсек, Т.У., БАЭде жана Дубайда жүргөндө К.Асанбектин атын пайдаланып, Б.И.М.ге жана анын туугандарына карата физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан 2 миллион рубль өлчөмүндө «Уурулардын жалпы фонду» кирешесине акча талап кылган. Эгер төлөмдөн баш тартса, Б.И.М.дин ата-энесин жана балдарын өлтүрөм деп коркуткан.

2021-жылдын 12-ноябрында У.Т.нын шериги З.Б., акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

2022-жылдын 11-майында У.Т. КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (сыртынан) айыпталган.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарга карата тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

140