7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Вебкамчы” Даниэль Ажиев командасы менен кармалды

1442

Көп сандагы “веб-кам” студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Д.А. жетектеген «веб-кам» деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Э.А. аттуу жаран аталган “веб-кам” студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратор Н.Ш. тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.

Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон.

Белгиленген топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагынан бул жаатта иштөө үчүн Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган «моделдер» делген кыздарды тартууну уюштурушкан.

Белгилей кетсек, операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Д.А. өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 31-майында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын талабы менен БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды.

УКМК менен Өзбекстандын компетенттүү органдарынын координацияланган иштеринин натыйжасында 4-июнда Д.А. кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1443