VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жаңы айдентикасы жарыяланды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы билдирет.
Белгилүү болгондой, айдентиканын концепциясы муундан муунга өткөн идеяга жана маданий баалуулуктарга негизделген.
Борбордук графикалык образ катары сүрөттөлгөн дарактын шакекчелери убакытты, эс тутумду жана муундан муунга калган салтка бекемдикти сүрөттөйт.
Ортодон тараган сызык – Кыргызстандан жаралып, дүйнөгө тараган жаңырыкты эске салат. Спираль формасы көчмөн элге жол көрсөткөн Саманчынын жолун чагылдырат. Ал бүгүнкү күндө тынымсыз кыймылды, багыт издөөнү жана маданияттардын жуурулушун символдоштурат.
Графикалык стиль таш бетине түшүрүлгөн байыркы оюу-чиймелер, жазууларга таасирленип: эл аралык коомчулукка түшүнүктүү жана санарип чөйрөдө колдонууга ыңгайлуу визуалдык элементтерди камтыйт.



