Кечээ, 25-октябрь Жайыл районунда эгин талааны тамчылатып сугаруу боюнча дыйкандарга көргөзмө-семинары болуп өттү. Ага министр Аскарбек Жаныбеков, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын жана сугат тармактарынын башкармалыктарынын башчылары, үрөнчүлүк чарбаларынын, кооперативдердин жетекчилери, дыйкан-фермелер катышкан.
Дыйкандар Жайыл районундагы “Райымбек” үрөн чарбасынын базасында кайрак жерге себилген жогорку түшүмдүү күздүк буудайды жамгырлатып суугаруу ыкмасы менен таанышты.
Иш чара Президенттин “КР экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Жайыр районунуну акимияты тарабынан уюштурулган. Максаты, ар бир райондо сугат суу көйгөйүн заманбап ыкма менен чечип, айыл чарбасын өнүктүрүү.
Быйыл өлкө аймагында жамгыр аз жаап, сугат суу тартыштыгы актуалдуу болду. Дыйканчылык эң жакшы делген Чүй облусунун жетекчиси Эркин Тентишев облустук айыл чарбасы суу тартыштыгынан 40% жоготууга учураганын айтты. Ошондой эле чоң жоготуу Баткен облусунда да катталган. Өлкөбүз суулуу болгон менен, дыйканчылыкка ылайыктуу жерлер кайрак болуп, дыйкандардын мээнети текке кеткен учурлар арбын.
Айыл чарба министри бул көйгөйдөн тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу менен арылаарын айтып келет. Системаны жолго коюу үчүн дыйкандарды каражат жагынан колдоо максатында 4,6 %дык лизинг жана «Айыл чарбасын колдоо 9» программасынын алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү жолго коюлган.