Билим берүү жана илим министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.
«Жабдуулардын комплектине 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер) кирет. Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды»,- деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.