7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ынтымак-2» сейил багынын жанында унаа оодарылып кеткен (ВИДЕО)

1062

Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, аласалып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Бүгүн саат 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, аласалып кеткен. Айдоочу ооруканага жаткырылган»- деп берилет маалыматта.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063