7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Маданияттын мыкты кызматкери болду

262

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Маданияттын мыкты кызматкери наамын алды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасы арркылуу билдирди.

«Сүйүнчүү! КРнын маданиятынын мыктысы төш белгиси менен сыйлашты. Ушул күндөрдү насип кылганына шүгүрлөр болсун! Аз да болсо «маданиятка салым кошуп жатат» деп эсептеген Маданият министрлигине ыраазычылык! Өлкөбүздүн маданияты өркүндөсүн , өссүн!», — дейт ал.

Ошондой эле Чыныбек кызы аталган сыйлыкты апасы өзгөчө күткөнүн айтат.

«Апам бул сыйлыкты аябай күтүп жаткан эле. Дароо сүйүнчүлөгөнү бардым . Бардык ийгиликтер ата-энебиздин батасынын артында. Ата-энелер аман болсун!», — деген билдирүү калтырган.

263