7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектелген жарандар кармалды

301

Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2020-жылы январдын аягында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын жашоочусу кайрылып, түнкүсүн көп кабаттуу үйлөрдүн биринен велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда жогорудагы уурдалган велосипеддин үлгүсү Кыргызстанда аз санда болгондугу жана айрым бөлүктөрү атайын жасалган болгондугу аны издөө иштерине чоң мүмкүнчүлүк түзгөн. Териштирүү учурунда уурдалган велосипед өткөн жылдын жай айларында интернет аркылуу башка адамдарга сатылып кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргузүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогоруга кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган Н.А. жана Г.Д. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн 6 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302