7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлду

161

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салыкчылар рейддик салык контролунун жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан.

Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS жана ZUMERRET маркасындагы тамеки табылган.

Жыйынтыгында бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, эми мыйзамга ылайык процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле унаа жагдайлар такталганга чейин атайын айып токтотуучу жайга киргизилди.

162