7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада бир нече уурулукка шектелип 40 жаштагы жаран кармалды

637

Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалганын Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине бир нече жаран арыз менен кайрылып, анда автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Шектүүнүн дагы төрт кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, учурда териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638