7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада койлорун жоготкон жаран арыз жазып, шектүү катары баласы табылды

1216

Ысык-Ата районунда мал уурдоо фактысы катталып, шектүүлөрдүн бири анын баласы экени аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Ысык-Ата РИИБүнө арыз менен 1967-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакыт аралыгында арыз ээсинин меринос породасындагы 23 баш койлорун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган Э.И. жана 1991-жылы туулган Н.С. аттуулар кармалышкан.

Кармалгандардын бир арыздануучунун баласы экени аныкталып, ал жогорудагы малдарды сатып бирок атасына айтпагына маалым болгон. Учурда териштирүү иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1217