7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл чабак балыгына 15-майга чейин тыюу салынып, электрондук билет берүү токтотулду

11
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №02-24/27 буйругунун негизинде Республика боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды.
Ысык-Көлдө:
Ысык-Көл чабагына – 2026-жылдын 1-апрелден 15-майга чейин (электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат);
Майда балыктарга – 2026-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейин;
Каңылтыр балыгына – 2026-жылдын 15-майынан 15-июлуна чейин.
Республиканын суу объектилеринде:
Ири бөлүкчө балыктарга – 2026-жылдын 5-майынан 20-июнуна чейин;
Майда бөлүкчө балыктарга – 2026-жылдын 15-апрелден 5-июнга чейин;
Дарыя маринкасына – 2026-жылдын 15-майдан 1-июлга чейин.
Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга:
Османга – 2026-жылдын 1-июнунан 15-июлуна чейин;
Амударыя форелине – 2026-жылдын 15-октябрынан 15-декабрга чейин;
Ысык-Көл форелине – 2026-жылдын 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.
12