7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 3 аял жабыркаган

842

Ысык-Көлдө эки жол кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын С.Орозбаев менен Т.Океев көчөлөрүнүн кесилишинде «Honda Odyssey» жана «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болду. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы А.З. аттуу аял киши жабыркап, жерине төрт куткаруучу тартылган.

Ошондой эле Каракол шаарынын Карасаев менен Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Mazda Demio» жана «Toyota Windom» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгынан 53 жаштагы А.М. жана 37 жаштагы К.А. аттуу аял кишилер жабыркаган.

Жабыркагандарды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843