7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна жаңы административдик комплекстин курулушу башталды

716

Буга чейин кабыл алынган чечимге ылайык, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекстин курулушу башталууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жер тилкеси Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык.

“Манас айылы» комплекси жайгашкан жердин 5 сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатат.

Курулуш иштеринин жүргүзүүдөгү тоскоолдукту эске алуу менен “Манас айылы менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор алынууда.

Курулуштун жүрүшүндө «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт. Мындан тышкары, келечекте «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү каралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717