Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 05:30 чамасында Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда болжол менен 1800 метр квадрат кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган.
«Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 09:00дө унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 19:30да толук тазаланган.
Ошондой эле Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында аталган аймактын акими Каракол-Эңилчек унаа жолун 1-апрелге чейин жапкан», — деп жазылат маалыматта.