7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу кармалды

4
УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагындагы мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу 1976-жылы туулган К.К.К. кармалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн К.К.К. тарабынан накталай акча каражаттарын системалуу түрдө жеке өзү алып турган фактылар катталып, алынган суммалар мамлекеттик алымдардын белгиленген тарифтик өлчөмүнөн кыйла жогору экени аныкталды.
Аталган аракеттер «Нотариат жөнүндө» Мыйзамын жана Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтомун бузуу менен жүргүзүлгөнү такталды, ага ылайык мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга чейин гана жана накталай эмес түрдө (банктык төлөмдөр аркылуу) төлөнөт.
Мындан тышкары, нотариалдык аракеттердин татаалдыгына жараша мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1000 сомдон 20 000 сомго чейин өзгөрүп тургандыгы аныкталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары уланууда. Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин мамлекеттик нотариусу К.К.К.нын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына: +996392251180 жана +996555540052 байланыш номерлери аркылуу кайрылууга чакырабыз .
5