7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл: Ысырапкерчиликке каршы жарлыкты түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

650

Ысык-Көлдө ысырапкерчиликке каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дин өкүлдөрү менен бирдикте элдер менен жолугушуп, анда президенттин «КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын максатын түшүндүрүп беришүүдө.

«Жолугушу учурунда облустун тургундарына жарлыктын негизги талаптары эмнеге багытталганын кеңири жеткирилүүдө. Алып айтсак, курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат. Динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетүүгө аргасыз болушат.

Белгилей кетсек, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, коомчулукта көтөрүлгөн демилге колдонулуп, облустун айрым айыл жана шаарларында акыркы сапарга узатуу зыйнаты, же башка салтанаттар көп суммадагы акчаны чыгымдабастан, көп сандагы малды сойбостон жана башка ашыкча ысырапкорчулуксуз өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

651