7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран баңгизат ташып бара жаткан жеринен кармалды

524

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине, жергиликтүү тургун баңгизаттарын Бишкек шаарына чыгарып кетүүнү көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Балбай айылынын 32 жаштагы тургуну К.Б. аттуу жаран аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран такси менен Бишкек шаарына бара жаткан жеринен кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бир литрлик айнек банкасына салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Алынган далил заты баңгизаттын кайсыл түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен, шектүү жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525