7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө 38 жаштагы тургундун унаасынан 21 даана кутучадагы баңгизат табылды

733

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бара жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине Түп районундагы айылдардын биринин тургуну сатуу максатында баңгизаттарды үйүндө сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал Түп районунун Тасма айылынын 38 жаштагы тургуну болуп чыккан.  Шектүү жаран баңгизаттарын унаа менен ташып бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, анын жанынан 21 даана ширенкенин кутучасына салынган салмагы 285 граммды түзгөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылган.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү жаранга кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  менен айыбы угузулган. Ал Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734