7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

845

Каракол шаарында алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Караколдо «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жанынан белгисиз жаран, айдоочулук күбөлүктөрдү алууга жардам берем деп, автомектептердин ар бир курсанттарынан 5000 сом акча каражаттарын алып, убадасын аткарбай изин жазгырып кеткен.

Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан, кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж. алдамчылыктын беш учуруна катыштыгы бар экенин аныкташты.

Учурда, шектүүнүн башка ушундай кылмыштарга бар, же жоктугу текшерилүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

846