7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө уюшкан топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

785

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында Балыкчы ШИИБге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда каржы пирамидасы боюнча элдер ызы-чуу болуп жаткан учурда, анын ишине эки чала тааныш балдар келишип, эгерде милиция алардын каржы уюмунан акча каражаттарды конфискация кылышса, кардарларыңарга кайра кайтарып бере албай каласыңар дегендиктен, кассадан 6 миллион 4 миң 400 сомду аларга берип, кайра кайтара албай калгандыгын билдирген.

Аталган факт Балыкчы шаардык милициясынын КЖБРне катталып, алдамчылык кылмышы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү мурда соттолгон, УКТнын мүчөсү катары турган 27 жаштагы жергиликтүү тургуну С.К. кармалды.

Шектүү 1-февраль күнү Кылмыш-жаза кодексинин 256 (Айыптоо актысы) беренесинин негизинде айыбы угузулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси боюнча кылмыш иши шаардык прокуратурага жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

786