7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө баржаны чыгарууга аракет көрүп, 2 жаран жер кыртышын бузган

1587

Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер кыртышын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары, 40 жаштагы А.К. жана 32 жаштагы З.К., Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынынын түндүк тарабында көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүшүп, экскаватор менен жээктин жер кыртышын бузуп, казып салышкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын, же албаганын аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органына жиберилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, КРнын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1588